05:27
USD 84.71
EUR 100.27
RUB 1.16

Dos Credobank кардарларга кам көрүү менен

COVID-19 жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам Dos Credobank командасы үчүн кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу жана ден соолугуна кам көрүү артыкчылыктуу болуп саналат.

Биз ДСУ сунуштарын сактоого аракет кылабыз:

  • Банктын бардык бөлүмдөрүн санитайзерлер менен жабдыдык
  • Жугушсуздандыруу каражаттары менен тазалоону үзгүлтүксүз жүргүзүп жатабыз
  • Кызматкерлерди беткаптар менен камсыздадык
  • Кардарлар менен иштебеген кызматкерлер убактылуу аралыктан иштөө ыкмасына өтүштү

Бизнеси коронавируска жана чек араларды жабуу менен байланыштуу чектөөлөрдүн кесепетинде токтогон жактар үчүн кредиттер боюнча шарттарды кайра кароо жана мөөнөтүнөн кечиктирүү үчүн айыптарды жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Шарттарды кайра кароо үчүн негиздеме жана тастыктама менен Банкка жеке арыз берүү керек.

Сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн төмөндөгү банк кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан пайдаланууну сунуштайбыз:

  • Интернет-банкинг аркылуу алыш-бериш эсептерин башкаруу, улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү
  • О!деньги жана Beeline кобрендинг карталары менен сатып алууларга төлөө.
  • Бүтүндөй республика боюнча достук мамиледеги тармактардын банкоматтарында кобрендиг карталары менен акча каражаттарын акысыз накталай алуу.
  • Кредиттер боюнча тындырууларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берген DCB Informer тиркемеси. Кредиттин номерин киргизүү жетиштүү жана сиз тындыруулардын датасын жана суммасын көрө аласыз.
  • 300дөн ашык Dos Credobank төлөм терминалдары, Megapay, Balance.kg, О!Деньги электрондук капчыктары жана Элкарт Мобайл мобилдик тиркемеси аркылуу кредиттерди төлөө
  • Megapay, Balance.kg, О!Деньги электрондук капчыктары аркылуу саналуу мүнөттө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, мобилдик байланышка, интернетке, айыптарды жана салыктарды төлөө
  • Банк кызмат көрсөтүүлөрү боюнча консультациялар Кардарларды колдоо борборунда күн сайын саат 09.00дөн 18.00гө чейин 8686 номери боюнча жеткиликтүү, DCB Marketе товарларды сатып алуу боюнча консультациялар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09.00дөн 18.00гө чейин 9090 номери боюнча жеткиликтүү. Мобилдик телефондон чалуу акысыз.

Сиздерге түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз жана бекем ден соолук каалайбыз!

 
Эң көп окулган жаңылыктар