18:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

№ 45 кесиптик лицейде бет кап тигилүүдө

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы № 45 кесиптик лицейинде бет кап тигилип, сатыкка чыкты. Бул туралуу райондук администрациясы расмий баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, 1 масканын орточо баасы 15-20 сомду түзөт. Ал арада чыттын 1 чарчысы 50 сом, ал эми марлинин 1 чарчысы 20 сомдон. Бет каптар аталган лицейде сатылууда.

«Тогуз-Торо районунун аймагындагы коронавирус эпидемиясын алдын алуу максатында, жарандарыбызды бет кап менен камсыз кылуу үчүн № 45 кесиптик лицейинин тикмечи устаттары ак чыттан жана марлиден бет кап тигишүүдө. 1 чарчы чыттын баасы 50 сом, андан 6 бет кап тигилет. Ал эми марлинин 1 чарчысы 20 сом, андан 2 бет кап чыгат. Орточо баа менен чыттан жасалган бет каптын баасы 20 сом, мариден тигилген бет каптын баасы 15 сомду түзөт», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, райондун тургундары 1 жолку пайдаланчу бет кап менен камсыздалууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча бет кап тартыштыгы күч алууда.

Эң көп окулган жаңылыктар