18:33
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Мугалимдер сырттан иштөө тартибине өтөт

Кыргызстанда мугалимдер бүгүнтөн тартып мектепке барышпайт. Бирок, дистанттык тартипке өтүшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баардык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүнчү чейректи жыйынтыкташып, жасаган иштери тууралуу отчет тапшырышты. Директорлор санитардык тазалоо аракеттерин уюштурушту.

«Коронавирус илдетинин Кыргызстанга жайылып кетүү коркунучунан улам, вирусту алдын алуу иретинде жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери 8-апрелге чейин сырттан иштөө тартиби менен үйдөн иш алып барышат», — деп берилет маалыматта.

Ал эми, 11-класстын окуучуларын ЖОЖго даярдоо үчүн мектеп директорлору мугалимдер менен биргеликте иш алып барышат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдары, бала бакчалар 8-апрелге чейин карантинге алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар