Ноокаттагы коронавирус илдетине чалдыккан аялдар Кувейттен учуп келишкен. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова парлементтин көпчүлүк коалициясынын жыйынында маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ноокаттагы 3 бейтап Ошко Кувейттен учуп келген.
«Илдетке чалдыккан 3 аялдын диагнозу COVID-2019 коронавирусун тастыктады. Алар Кувейтке кичи ажылыкка барышкан, ал эми Ошко эки рейс менен учуп келишкен. Учурда райондун акими өзгөчө тартипти киргизип, баардык чараларды көрүүдө», — дейт Алтынай Өмүрбекова.
Эске сала кетсек, Ноокаттагы илдет жуктуруп алган жарандар Кувейттен келишкен. Ал эми буга чейин Кыргызстанда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган. Жалпы өлкөдө 6 адамдан коронавирус аныкталды.