17:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто унаа жуучу жайлар менен базарлар жабылат

Ош шаарында базарлар убактылуу жабылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы расмий баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Ош шарындагы унаа жуучу жайлар менен автотетиктерди саткан базарлар убактылуу жабылат. Мындай чечимди Ош шаардык муниципалиети коронавирусту алдын алуу иретинде кабыл алды.

Республикалфык штабдын маалыматына караганда, Ош шаарында ири 4 базар жабылат: борбордук, унаа тетик, буюм-тайым жана «Келечек» базарлары. Мындай чаралар профилактикалык аракеттердин негизинде кабыл алынууда. Ал эми азык-түлүк саткан базарлар менен дарыканалар мурдагыдай эле тартипте иштейт.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын Ноокат районунда коронавирус жуктуруп алган 3 жаран изоляцияга алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар