21:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

15-марттан тартып Казакстандын чек арасында 200 кыргызтандык келе албай жатат

Казакстандын чек арасында 200дөй кыргызстандык өтө албай жатат. Алар өздөрүнун машиналарында күн кечиришүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.

Анын айтымында, кыргызстандыктар 15-марттан тартып чек арада күн кечиришүүдө. Ошол эле учурда 18-мартта Өзбекстандын өкмөтү жарандарын алдырып алган.

Чек арада калган 200 кыргыз жаранынын ичинде кош бойлуу аял дагы бар.

«Биздин өкмөт мекендештерибиздин жашоосуна кызыкдар дагы эмес. Эмне үчүн биздин бийлик өздөрүнүн жаарндарына аракет кылбай жатат? Алардын акчалары, тамак-аштары, бензиндери, айтор баары түгөндү. Сураныч, бийликке жеткирипшип коюңуздарчы!», деп суранат окурман.

Эске сала кетсек, Казакстандан коронавирус катталгандан тартып Россия-Казакстан чек аралары, ал арада Кыргызстандын чек арасы да жабылды. Транспорттун баардык түрүнө тыюу салынды. Ал эми бир гана диломаттык, мамлекеттик маселелер менен эл-аралык уюмдардын делегациялары гана Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен чыга алат.

Эң көп окулган жаңылыктар