18:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү бет кап тигүүгө буйрутма алышууда

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү жана майыптар маска тигүүгө буйрутмаларды кабыл ала башташты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кароосуз калган балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун директору Игорь Беляев маалымдады.

Маалыматка ылайык, бет каптар буйрутма берген кардардын каалоосуна жараша тигилет. Ал эми тигүүчүлөр 2 смен менен иштешет.

«Бизде бет кап тигүү үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бет капты пахта, марлин, сатин ж.б. кездемелер менен тигебиз. Учурда бет капка болгон суроо-талап көп. Ошондуктан бул ишти баштадык. Ал эми азыр 15 машинабыз бар, бирок алар жетишпей калышы мумкүн. Ошондуктан дагы 3 машина сатып алсакпы деп жатабыз», — дейт директор Игорь Беляев.

Ал белгилегендей, бет каптын баасы 10-15 сомду түзөт. Буйрутмалар 0559800579, 0703155866 номурлары аркылуу кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар