Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 1 миллион сомду өкмөттүн эсебине которду. Банктык эсептин дүмүрчөгү социалдык тармакка жарыяланды.
Акча короновируска каршы күрөшкө Финансы министрлигинин эсебине которулуп жатканы белгиленет.
Дүмүрчүктө өкмөттүн банктык эсеби дагы көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында Камчыбек Жолдошбаев коронавирус менен күрөшкө бир миллион сом бөлөрүн айткан.