Баткен облусунун Сауд Арабиясына барган жарандардан коронавирус табылган жок. Бул тууралуу өкмөттүн облусттагы өкүлчүлүгү билдирди.
Алардын маалыматында, карантинге алынган 8 кишинин анализи таза чыкты.
«Бул сегиз жаран Сузак районундагы коронавирус оорусу табылган уч жаран менен чогуу бир авиакаттамда Кыргызстанга келишкен болчу», — дейт өкүлчүлүк.
Белгилей кетсек, 12-мартта умрадан келген Сузак районунун үч тургунунан коронавирус аныкталды.