Жогорку Кеңештин депутаттары «COVID-19 илдетин ынтымак менен жеңебиз» аттуу #Ынтымак флешмобун өткөрүштү. Бул тууралуу коронавирус боюнча түзүлгөн Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрү элди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана биригүүгө чакырган жазууларды кармап, ынтымакка үндөштү.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус катталганга чейин жалган маалыматтар тарап, эл дүрбөлөңгө түшүп, базарларда азык-түлүк талашып урушкан окуялар катталган.