23:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Республикалык штабдын тынымсыз байланыш номерлери иштей баштады

Сузакта коронавирус жуктуруп алган 3 бейтап аныкталгандыгына байланыштуу Сааламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Буга ылайык коронавирусту алдын алуу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн республикалык штабдын тынымсыз байланыш номерлери иштей баштады.

Жарандар кандайдыр бир вируска шектүү белгилерди байкаса жана коронавирус тууралуу суроолору болсо 0312 323202 номуру аркылуу байланышка чыкса болот. Ошондой эле 0770 895556 номери менен WhatsApp мессенджери иштөөдө.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы учур катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар