06:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Коронавирустун экинчи түрү Гонконкто иттен аныкталды

 COVID-19 коронавирусун жуктуруп алган Гонконгтук жаран өзүнүн итине вирус жуктуруп алгандыгы маалым болду. Бул тууралуу Гонконг шаарынын айыл чарба жана балык чарба департаментинин пресс-кызматчысы билдирди.

Коронавирустун адамдан жаныбарга жуккан учуру биринчилерден болуп катталды. Маалыматка ылайык, Гонконг шаарынын тургуну коронавирус менен аныкталып карантинге алынган.

Бир нече убакыттан кийин анын итинен дагы коронавирустун белгилери байкалып анализ алып, карантинге алышты. Дарыгерлер итти текшерүүдөн 3 жолу өткөрүп көрүшүп SARS-CoV-2 вирусун аныкташты. Тактап айтканда, вирустун адам баласынан жаныбарга өткөн учур биринчилерден болуп катталууда.

Ит вирусту көчөдөн жуктуруп алган деген жөрөлгөлөрдү дарыгерлер четке кагышууда. Учурда иттин коронавируска карата алынган анализдин жыйынтыгы терс көрсөткүчтү көрсөтө элек, андыктан итти карантинге алуу уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар