Казакстанда COVID-2019 коронавирусуна чалдыккандардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу Казакстан маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Нур-Султан шаарында 14 жаран коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Буга чейин ушул эле калаада 2 бейтап катталган, жалпы Нур-Султан шаарында 16га жетти.
Ал эми Алматыда 11 бейтаптан COVID-2019 коронавирусу аныкталды. Казакстан мамлекетинде жалпысынан 27 бейтап катталды.
Коронавирустун жайылып бара жаткандыгына байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев вирусту алдын алуу иш-аракеттерин 1 айга күчөтүлгөн тартипте киргизди.