21:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте онкология менен ооругандар беткап тигип чыгууда

Бишкекте шишик менен ооруган айымдарды топтогон «Жашоо үчүн күрөш» демилгеси марлиден медициналык бет каптарды тиге башташты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акциянын демилгечиси Асыл Мамбеталиева маалымдады.

Анын айтымында, бул маскаларды бир нече жолу пайдаланса болот, аларды жууп кайра колдонууга да ыңгайлуу.

«Маскадан түшкөн акчаларды биз камкордукка алган бейтаптардын дары-дармектерине жумшайбыз. Мен аларды 15 сомдон сатсам, негизги наркы 10 сомду түзөт. Ал эми материалдарды Бишкектеги кездеме саткан базарлардан алып жатабыз. Азыр бизге тиккенди билген ыктыярчылар керек болуп жатат», — дейт Асыл Мамбеталиева.

Беткаптарды төмөнкү даректерден сатып алса болот:

1. Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «Онкологиялык уста кана» — 9:00дөн тартып 17:00гө чейин иштейт; (Шафран кафесинин маңдайында, «Физприбор» аялдамасы);

2. Манас 9/Некрасов проспектисинде жайгашкан «Агромаркет дүкөнү»- 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт;

3. Coffee Кофейня, Манас проспектиси, 9.00- 23.00гө чейин иштейт;

4. Тоголока Молдо, 40/1 (Спорт ордосунун жанында), 9.00- 23.00гө чейин иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар