07:00
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Коронавирус. Карантин жайларынын шарты жок

Коронавируска шектелип карантинге алынган жарандар шартты жок ооруканада кармалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Анын айтымында, карантиндеги буюм-тайымдар жана имараттын ичи кадимки коркунучтуу кинолорду эстетет.

«Кадимки кан соргучтардын өлүктөр аймагына түшүп калгандай болосуң. Бир палатада 4 адам жатат, ал эми каалгалары жабылбайт. Коронавирустан сактануу үчүн түзүлгөн шарт ушулбу? Баардыгы айбанчылык! Бул жерде 14 күн жаткан адам акылынан айныйт. Ал эми өткөрүүчү тосмодон кыйынчылык менен өтөсүң, кадимки эң коркунучтуу кылмышкерди кармап алгандай. Баракелде сага мамлекет, калкка болгон ушундай камкордугуң үчүн! Биз ушинтип жашап жатканыбыз аябай өкүндүрөт», — дейт окурман.

24.kg маалыматтык агенттигине WhatsApp же Telegram аркылуу 0555312024 номуруна маалымат жөнөтсөңүз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар