Алматыда дагы 3 адамдан коронавирустун симптомдору аныкталды. Бул тууралуу Казакстан саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып Казакстандын маалымат булактары жазып чыгышты.
«2020-жылдын 17-марты, саат 09:00, коронавирус боюнча эпидемиялык кырдаалдын Казакстандагы абалы. Алматыдан дагы 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталды», — деп берилген билдирмеде.
Бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын саны жалпы 13кө жетти. Алардын 11и Алматыдан, 2 бейтап Нур-Султандан аныкталды.
Эске сала кетсек, Германиянын бейтапканаларынын биринде дагы 1 казак жараны коронавируска каршы дарыланууда.