Казакстан Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алган эки жаран менен байланышта болгондорду издөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов Нур-Султанда өткөн брифингде билдирген.
Анын айтымында, бейтаптардын бири 9-мартта учуп келсе, экинчиси 12-март күнү учуп келген.
«9-мартта учуп келген 73 жүргүнчүнүн тизмелери бизде бар. Алардын кайда жайгашканынан бере билебиз. Учурда алардын баарын табуу үчүн керектүү чаралар көрүлүүдө. Вируска карата текшерүүдөн кийин баардыгы 14 күнгө карантинге алынат», — дейт Елжан Биртанов.
Учурда 12 жүргүнчү текшерүүдөн өтүп Алматыдагы инфекциялык стационарга карантинге алынды. Аларда коронавируска шектүү эч кандай симптомдор жок.