Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Канада өкмөт башчысынын кеңсеси кабарлады.
Маалыматка караганда, Трюдонун өзүнөн илдеттин белгилери табылган жок, азыр ал өзүн жакшы сезүүдө. Премьер-министр 14 күндүк карантинге алынгандыктан, милдеттерин ошол жактан аткарат.
Ал ортодо БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесинде вирус жуктурган алгачкы учур катталды. 9-мартта жумушта болгон филиппиндик дипломат илдетке чалдыккан.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару жардамысы Фабио Вайнгартен коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталгандан кийин анализ тапшырды. Өткөн ишемби күнү ал Бразилия делегациясынын курамында АКШда болуп, америкалык президент Дональд Трамп менен бир имаратта тамактанган. Трамп журналисттер менен маегинде өзүн жакшы сезип жатканын айткан.
Буга чейин башкы машыктыруучусу Микель Артета илдетти жуктуруп алгандан кийин лондондук «Арсенал» клубу карантинге алынган.
Европа өлкөлөрүндө коронавирус тездик менен жайылып жаткандыктан, мектептер жана университеттер жабылууда.
Францияда мектептер, университеттер жана бала бакчалар дүйшөмбүдөн тарта жабылат. Австрия Италиядан келгендердин бардыгы үчүн чек арасын жабууда.
АКШ бийлиги Калифорниядагы «Диснейлендди» жабуу чечимин кабыл алды.
13-март эртең мененки маалыматтарга караганда, дүйнөдө беш миңге жакын киши коронавирустан каза болуп, 70 миңден ашыгы айыкты.