21:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коронавирус Казакстанга жетти. Германиядан келген эки жаран карантинге алынды

Казакстанда коронавирусун жуктуруп алган 2 жаран катталды. Бул туралуу Казакстан саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановдун билдирүүсүнө таянып казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, COVID-2019 коронавирусун жуктуруп алган жарандар Германиядан келишкен. Учурда алар Алматыдагы инфекциялык стационарга жаткырылды. 

«Бүгүн биз Германиядан келген эки жараныбыздын коронавирус жуктурганын тактадык. Алар Алматыдагы инфекциялык стационарга жаткырылды. Учурда клиникалык симптомдор жок, өздөрүн жакшы сезишүүдө жана аларга тиешелүү баардык чаралар көрүлүүдө», — деп билдирди өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов.

Эске сала кетсек, буга чейин Казакстандын санитардык башкы дарыгери Жандарбек Бекшин 11-марттан 16-мартка чейин өлкөдө коронавирус катталышы мүмкүн экендигин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар