05:17
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Коронавирустун очогу болгон Ухандын дарыгерлери бет каптарын чечишүүдө

COVID-2019 коронавирусу пайда болгон Ухань шаарынынын ооруканаларында бейтаптар калган жок. Бул тууралуу Кытай саламаттыкты сактоо комитетинин өкүлү Ми Фэн чет элдик маалымат булактарына билдирди.

Анын айтымында, вируска карата Ухань шаарында убактылуу 14 оорукана алчылган, дарыланып жаткан бейтаптар айыгып, учурда ооруканалар жабылды.

«Хубей провинциясынын шаарларында бир жумадан бери вирусука шектүү бир дагы жаңы бейтап катталган жок. Эми бул инфекциянын көйгөйүн биринчи орунга коюууга негиз жок», — деп билдирди.

Кытай саламаттыкты сактоо комитетинин өкүлү Ми Фэн. 10-мартта Ухандагы стадиондо убактылуу уюштурулган госпиталь жабылып, ал жердеги дарыгерлер салтанаттуу түрдө бет каптарын чечип жаткан видео таркады.

Башкача айтканда, бул убактылуу оорукана эң акыркы болуп жабылып, дарыгерлер эс алууга чыкканга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемияга айланышы мүмкүн деп коңгуроо кагууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Ухань шаарынынын дарыгерлери коронавируска каршы тынымсыз иштеп жатышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби