15:08
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

ВИЧ менен ооруган балдардын ата-энелери дарылоодон баш тартышат

Балдары ВИЧ менен ооруган айрым ата-энелер дарылоодон жана текшерүүдөн баш тартышат. Бул боюнча 24.kg агенттигине СПИД менен күрөшүү жана алдын-алуу Ош облустук борборунун башкы дарыгери Эльмира Нарматова билдирди.

Анын айтымында, айрым ата-энелер балдарынын дартын аныктоого кескин каршы.

«Бир аял бар, ал баласын текшерүүгө дагы каршы. Бул баланын жашоо жана саламаттыгын чындоо укугун чектейт. Баланын ден-соолугу үчүн ата-эне жооптуу», — дейт ал.

Буга чейин Жогорку Кеңеште балдарын дарылоодон баш тарткан ата-энелерди жазалоо маселеси бир нече жолу сунушталып, колдоо тапкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар