Бишкектеги коммерциялык банктар жана алмаштыруу пунктары доллардын наркын дароо 3 сомго көтөрүштү.
Алар учурда америка валютасын 70 сомдон сатып алышып, 73-73,5 сомдон сатышууда. Ал эми айрым алмаштыруу пунктары долларды сатууну токтотушту.
Белгилүү болгондой, эртең менен долларды 69,8 сомдон сатып алышкан, кайра 69,9-69, 95 сомдон сатышкан. Номиналдуу алмашуу курсу Улуттук банк тарабынан 69,85 сомго белгиленди.