05:44
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Коронавирус. Кыргызстанда чет өлкөдөн келген 300дөн ашуун жаран байкоодо

Кыргызстанда чет өлкөдөн келген 300дөн ашуун жаран көзөмөлдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлинин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар.

«Аларды оорулуу катары кабыл алууга болбойт, өздөрүн жакшы сезип жатышат. Баарынын дени сак, болгону убактылуу медициналык көзөмөлдө болушат. Алардын 3 маал тамак-ашы, жууркан-төшөктөрү жана баардык зарылчылыктарын камсыздоо каралган», — дейт Саламаттыкты сактоо министрлинин орун басары.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу ирээтинде баардык массалык иш-чаралар токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар