Бишкекте Ноорузга карата майрамдык салтанат өтпөйт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Чечимди коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штаб кабыл алды.
«Буга чейин массалык иш-чараларга чектөө киргизүүнү ойлоп жатканбыз. Азыр биротоло токтотуу чечимин сунуштадык. Нооруз күнү район, шаар борборлорунда майрамдык салтанаттар өтпөйт», — дейт Алтынай Өмүрбекова.
Ал эми Жеңиш күнү боюнча азырынча белгисиз.
«Баары кырдаалга байланыштуу. Апрель айында коронавирустун жайылышы төмөндөйт деген ойдобоуз», — дейт вице-премьер-министр.