14:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Стамбулдан келген жаран карантинге жаткырылды

Стамбулдан учуп келген кыргыз жаранынын дене табы көтөрүлүп, карантинге алынды. Бул тууралуу республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, бейтап «Манас» аэропортунан ооруканага жеткирилген.

«Аэропорттогу медиктер текшерүү учурунда дене табы жогору экендигин байкашкан. Жалпы ахыбалы туруктуу. Вируска дагы анализ алынды. Түркия коронавирус жайылган өлкөлөрдүн катарына кирбейт, бирок ага карабай бейтап обсервацияга жаткырылды», - дейт Гүлжигит Аалиев. 

Белгилей кетсек, Япония, Корея, Иран жана Кытайдан келген жарандар Кыргызстанда сөзсүз түрдө карантинден өтүшөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар