23:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ирандын чек арасында кармалган айдоочулар ТИМден жардам сурайт

Иран менен Азербайджан чектешкен чек арада 18 кыргыз айдоочу кармалып турат. Алардын тышкы иштер минисрлигине болгон кайрылуусу Telegram тармагындагы «Короче» каналына жарыяланды.

Кайрылууну негизинде бул маселени эртерээк чечип берүүсүн өтүнүшүп, аны менен катар алардын май куйганга, тамактанганга акчалары калбай калгандыгын жана акча которууга да мүмкүн эместигин билдиришет.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахмановдун маалыматында, Ирандын чек арасында 54 кыргызстандык бар. Алар азырынча чыга алышпайт, Иранда коронавирустун күчөшүнө байланыштуу Азербайжан жана Түркмөнстан чек арасын жапкан.

«Тышкы иштер министрлигине кайрылган айдоочулар менен жүк ташуучу компаниялардын кайрылуусун Тегеран Ашхабад жана Бакудагы кыргыз элчилиги көзөмөлгө алды. 2-4-мартта Азербайжандын, Түркмөнстандын жана Россиянын дипломатиялык миссиянын өкүлчүлүктөрү Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Аларга атайын дипломатиялык каттар ыйгарылып, чек арада турган кыргыз жарандары менен транспортторду кыргызстанга өткөрүү маселесин оң тарапка чечип берүүлөрүн сурандык», — дейт Нурлан Абдрахманов.

Эң көп окулган жаңылыктар