00:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Билим берүү мекемелер коронавируска карата карантинге алынбайт

Окуу жайлар жана мектептер коронавируска карата карантинге алынбайт. Бул тууралуу саламаттыктыкты сактоо министринин орун басары Толо Исаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, азырынча мектептерде карантин жарыялоого негиз жок.

«Коронавируска шектүү өлкөбүздө бир дагы окуя каттала элек. Биз менчик экендигине карабастан баардык жетекчилерге кайрылдык. Коомчулук муну түшүнүү менен кабыл алат деген үмүттөбүз», - дейт ал.

Эске сала кетсек, саламаттыкты сактоо министрлиги мекемелерге, министриликке жана башка уюмдарга массалык иш-чараларды өткөрүүнү токтотуп турууну сунуштаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума