10:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШ коронавируска каршы тестирлөөнү жайылтууга аракет көрүүдө

АКШ коронавируска каршы тестирлөөнү жайылтууга аракет көрүүдө. Бул туурасында АКШнын вице-президенти Майкл Пенс пресс-конференцияда маалымдады. 

Анын айтуусунда Дональд Трамптын администрациясы коронавирусунан жабыркаган америкалыктарды айыктыруу иретинде тестирлөө жүргүзүп жатат.

«Мунун негизинде, америкалыктар өзүнүн жеке доктурларына барууга жана аймактык MedCheck же CVSке катталууга мүмкүнчүлүк алууга болот» — дейт Майкл Пенс.

Трамп коронавируска каршы түзүлгөн топту көзөмөлдөө жоопкерчилигин өкмөткө тапшырган. Пресс-конференцияда өкмөт, корона вирусун алдын алууга жана жайылуусуна каршы ар кандай кадамдарга барып жаткандыктарын белгилеген.

«Корона вируска каршы иш-аракеттерди көрүүдө америка коомчулугу артта калышыбыз мүмкүн, бирок президенттин токтомуна ылайык бардык аркеттерди көрөбүз. Өлкөнун экономикасы да кооптондурууда, себеби фармацевтик компаниялар менен жолугушууда бизде болгон каражатка ылайык вируска каршы вакцина жасап чыгуу керек. Ал бир же жарым жылда даяр болот деп айта албайбыз, аны менен катар терапевттик препараттарды да даярдоо пландалууда. Коронавирусу менен күрөшүп жаткан адамдарга вакцина балким жакынкы аралыкта даяр болот деген үмүттөбүз», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар