08:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Россияда коронавируска шектелип Италия жараны ооруканага жаткырылды

Россияда корона вирусун жуктуруп алган деген күмөн менен Италиялык жаран медициналык көзөмөлгө алынды. Бул туурасында Россия федерациясынын аймагындагы аталган инфекцияны алдын алуу, эскертүү жана жайылуусун көзөмөлдөгөн ыкчам штаб билдирди.

Штабдын маалыматында, Италия жараны 29-февралда Россияга келген. 2-мартта өзүнөн коронавирустун белгилерин байкап медициналык жардамга кайрылган.

Аны дароо жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнө жаткырышкан, учурда анын абалы канааттандыраарлык.

Маалыматта италиялык эки күн ичинде кездешкен адамдар аныкталып, алар дагы медициналык байкоого алынгандыгы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар