22:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өлкөдө жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча орган түзүлөт

Жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча орган Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин алдында түзүлөт. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Дастан Догоев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Догоев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жаңы орган 2-3 ай аралыгында түзүлөрүн айтты.

«Жеке маалыматтарды коргоо боюнча орган түзүү биздин жол картабызда аныкталган. Биздин комитет тиешелүү токтомдун долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуштады, талкуудан кийин концепция бир аз өзгөртүлдү. Орган биздин комитеттин алдында түзүлөт, буга чейин биз аны өкмөттүн алдында түзүүнү сунуштаганбыз. Учурда документ талкууда, жакында кайрадан өкмөткө алып чыгабыз», — деди Догоев.

2019-жылы декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын февралына чейин жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырган. Бул чечим «Коопсуз шаар» камераларында жасалма номерлүү унаанын сүрөтү соцтармактарга тарагандан кийин кабыл алынган. Жалпыга маалымдоо каражаттары рулда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болгонун жазышкан, чиновник муну четке каккан. Өкмөт башчы бул окуядан кийин мамлекет жарандардын жеке маалыматын жайылтуу фактыларынын алдын алышы керектигин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар