21:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коронавирус. Жүргүнчүлөр эми учактын ичинен текшерүүдөн өтөт

Аба компаниялар менен сырттан келген жүргүнчүлөрдү учактын ичинен эле текшерип чыгаруу маселеси макулдашылды. Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Штабдын маалыматы боюнча, 4-мартка карата өлкөдө коронавируска чалдыккандар катталган жок.

Оорунун алдын алуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн көзөмөл сакталган. Тиешелүү кызматтар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз байланышта иштеп жатышат.

Аба компаниялар менен сырттан келген жүргүнчүлөрдү учактын ичинен эле текшерип чыгаруу маселеси макулдашылды.

Өлкөгө кирүү үчүн кыргызстандыктар сөзсүз түрдө жалпы жарандык паспортун көрсөтүүгө тийиш. Андай паспорту жоктор милдеттүү түрдө көзөмөл бөлмөсү аркылуу өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар