20:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коронавирус. Кыргызстанда дагы бир республикалык штаб түзүлөт

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылып жатышынан улам өлкөнүн экономикасына таасирин алдын алуу боюнча маалымат укту. Бүгүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Президент өкмөткө тобокелчиликтер менен көйгөйлөрдү гана эмес, мүмкүнчүлүктөрдү дагы карап, продукцияны сатуу үчүн жаңы багыттар ачуу жана ишкерлерге жардам кылуу зарылдыгын айтты.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдын экономикага кесепетин азайтуу үчүн республикалык ыкчам штаб түзүү боюнча сунуштама берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар