Бишкекте базарлардын эт-сүт саткан жайлары жана коомдук унаалар дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык борбору «Ош» жана «Аламүдүн» базарларындагы бир катар павильондорун, айрыкча эт жана сүт саткан жайларын дезинфекциялады.
Андан тышкары, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын аймагын, № 5 мончосун, «Дордой транс» жана «Совет бригада» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун транспорттору да дезинфекцияланды.
Март айынын башынан бери мындай түшүндүрүү иштери супермаркеттерде, кафе-ресторандарда, тамактануучу жана башка жайларда да өтүп жатат.