04:50
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан медайым иштен алынды

Өзгөн райондук ооруканасында иштеген медайым коронавирус боюнча жалган маалымат тараткандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын маалыматында, социалдык тармактарга Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда коронавирус жуктурган адамдар аныкталганы боюнча маалымат тарап кеткен. Кийин муну Саламаттык сактоо министрлиги төгүндөгөн.

«Кызматкер жашы жете элек кызына коронавирус боюнча аудио билдирүү жиберген. Ал эми кызы ал билдирүүнү досторуна таркатып салган. Саламаттык сактоо министрлиги медайымды иштен алуу чечимин кабыл алды», — дейт милиция.

Факт Жоруктар кодексинин 43-беренеси («Этибарга албай маалымат таркатуу») боюнча каттоого алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар