09:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кесиптик кошуун федерациясында үч аял ачкачылык жарыялады

Акипресс агенттигине таандык
Фото Акипресс агенттигине таандык

Кесиптик кошуун федерациясында үч аял ачкачылык жарыялады.

Алардын айтымында, ачкачылыкты кечээ 24-февралда башташкан.

Аялдар федерациянын төрагасы Мирбек Асанакуновдун отставкасын талап кылууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Мирбек Асанакуновдун отставкасын талап кылган митинг өттү.

Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына 2017-жылдын 16-январында шайланган.

Ай башында кошуундун кеңешинин мүчөлөрү чогулуп, Мирбек Асанакуновду кызматтан кетирүү чечимин кабыл алышкан. Бирок, Мирбек Асанакуновдун тарапташтары аны жокко чыгарууда. Алардын айтымында, кеңештин жыйынында кворум болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар