17:33
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ата-Мекендик согуш ардергелеринин ар бирине 70 миң сомдон берүү сунушталууда

Кыргызстанда Уулу Ата-Мекендик согуштун 220 ардагери бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал Жеңиштин 75 жылдыгына карата ар бир ардагерге 70 миң сомдон ыйгарууну сунуштады.

«Учурда жашап жаткан 220дай ардагерге менин эсебим боюнча 15 млн 400 миң сом кетет. Жылдан-жылга саны азайып бара жаткан ардагерлерибизге көңүл буруп, дөөлөттүү карылыгын татыктуу жашап өтүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз керек», — деди депутат Дастан Бекешев.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби