18:01
USD 84.74
EUR 103.06
RUB 1.14

Бишкекте Жеңиш күнү жана Шаар күнү майрамдалбайт

Бишкекте шаар күнү 29-апрель жана 9-май Жеңиш күнү массалык майрамдоо токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

Бишкекте пандемия башталгандан бери 32 миң 649 учур катталды. Өткөн суткада 117 адам жуктурганы аныкталган.

Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди сактап, ден соолукка кам көрүүгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар