Ош облусунун Кара-Суу районунда мечиттин чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы мечиттин 300 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.