Бүгүн Инстаграмдагы блогер Sydyman Октябрь РИИБсине суракка алынып келинди. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматкери Айбарчын Батырбекова билдирди.
Блогер Элмир Сыдымановду кармоого ал түз эфир аркылуу элди түндүк-түштүккө бөлгөнү себеп болгон. Эске салсак, блогер буга чейин инстаграм баракчасы аркылуу түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан.
Маалыматка таянсак, аны Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде милицияга чакыртышкан.