01:05
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тажикстандын жаңы элчиси Назирмад Ализоданы президент кабыл алды

Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Назирмад Ализода дайындалды. Аны бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Иран, Исландия, Словения жана Израилдин элчилери менен бирге кабыл алды.

Назирмад Ализода менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды. Бул процессти эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен тездетүүнүн мааниси белгиленди.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Кыргызстандагы мурдакы элчиси Сухроба Олимзоды Эмомали Рахмон 1-январдагы чек арадагы чатактан кийин кызматтан алган.

Назирмад Ализода буга чейин Казакстан, Монголияда элчи болгон. Андан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө иштер боюнча элчиси жана ШКУда координатор болуп эмгектенген.

Эң көп окулган жаңылыктар