23:56
USD 84.56
EUR 100.60
RUB 1.16

Жогорку сот Мелис Мырзакматовдун ишин караган жок

Жогорку сотто Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун ишин караган жок. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, Мелис Мырзакматовдун жактоочулары сотко келген эмес.
 
Эмки жыйын 25-мартка белгиленди.
 

Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. 2014-жылы ага каршы козголгон кылмыштын негизинде мурдакы мэр издөөгө алынган. Мелис Мырзакматов акыркы төрт жылдан бери өлкө сыртында жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар