16:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мелис Мырзакматов: Оштогу көпүрө боюнча кылмыш ишин ойлоп табышкан

«Мага коррупция боюнча айып таба албай, Оштогу көпүрө боюнча ишти ойлоп чыгарышкан», — деп билдирди Ош шаарынын мурдакы мэри «Жаңы Ордо» гезитине берген интервьюсунда.

Ал учурда чет өлкөдө үй-бүлөсү, жеке жумуштары менен алек болгонун айтат.

Ага экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен иш ачылганын белгилейт.

«Мага коюлган айып жасалма, ойдон чыгарылган айып болгон. Ойлоп көрсөңүз, курулушу баштала элек көпүрөнүн долбоорун беттерине тутуп алышып, мага мыйзамдын «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» жетекчилерге карата колдонулуучу беренеси боюнча жасалма айып коюшуп, жасалма сот чечимин чыгарышкан. Көрсө, ошол кездеги Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден уруксат сурабай туруп, курулуш курам деп демилге көтөрүпмүн. Чындыгында, мен ага рамий кат жазып, акча бөлүнбөйт деген жообун да алган болчумун. Ошондон кийин гана көпүрөнү мэриянын өз мүмкүнчүлүгү менен бүтүрүү жөнүндөгү коллективдүү чечимди кабыл алганбыз», — дейт ал.

Мелис Мырзакматов аны коррупцияга аралаштыруу аракети ишке ашпай калганын айтат.

«А мен эч кимден, эч качан пара алган эмесмин! Муну мени менен бирге иштеген бардык адамдар эң жакшы билишет. Ким эмне десе ошо десин, менин эл алдында жүзүм жарык. Бүгүнкү күнү биздин колубузда Жогорку соттун «мэриянын иш-аракеттери толук мыйзамдуу» деген эки чечими турат», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. 2014-жылы ага каршы козголгон кылмыштын негизинде мурдакы мэр издөөгө алынган. Мелис Мырзакматов акыркы төрт жылдан бери өлкө сыртында жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар