10:53
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандыктар Латвиянын университеттеринде акысыз билим ала алат

Кыргызстандыктар Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары 10-11 ай карагалган. Илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп бар.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтер 2020-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат.

Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалымтты бул шилтемеден алсаңыз болот — www.viaa.gov.lv/scholarships .

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби