00:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Коронавирус. Ухандан келген кыргызстандыктарда вирустун белгиси табылган жок

Ухандан келген кыргызстандыктарда коронавирустун белгиси табылган жок. Бул тууралуу 24.kg агентигине саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары саясаты уюмунун башкы адиси Нурлан Галбаев билдирди.

Министрликтин маалыматында, Кытайдан келгендер ооруканага жаткырылып, даарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

«Бардыгынын абалы туруктуу. Жугуштуу оруулар боюнча адис текшерди. Алынган анализдери таза чыкты», — дейт Нурлан Галбаев.

Эскерте кетсек, Казакстандын жардамы менен 18 кыргызстандык алып келинген. Алар атайын борт менен Нур-Султан аркылуу Бишкеке келишкен. Учурда каза болгондордун саны 362 кишиге жетти. Вирустун айынан ооругандар 17 миң 205 кишиге жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар