09:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кытайдагы коронавирус. Беткап ордуна желим бөтөлкө менен коргонушууда

Социалдык тармактын колдонуучулары коронавирустан коргонуу үчүн башына желим бөтөлкө кийген адамдардын сүрөтү, видеосу менен бөлүшүүдө. Бул тууралуу Daily Star гезити маалымдайт.

Сүрөттөр Ванкувер шаарындагы эл аралык аэропорттон тартылган. Видеодон адамдар 5 литрлик желим бөтөлкөнү башына кийип, аба кирүү үчүн анын ооз жаагын ачып койгонун көрүүгө болот. Мындай жол менен вирустан коргонуу жана дарыканалардагы беткаптын тартыштыгынан улам болушу ыктымал.

Айрым интернет колдонуучулардын айтымында, беткаптын баасы Кыргызстанда 10 сомго чыккан.

Эскерте кетсек, дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти дарыканаларды медициналык беткаптардын баасын көтөрбөөгө чакырышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума