14:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дүйнөнү дүрбөткөн кытайдын коронавирусу. Коркунучтар жана сактануу жолу

Кытайда жайылган жаңы типтеги вируска чалдыккандардын жана каза болгондордун саны күн санап өсүүдө.  Аны жуктургандар (2), Макао (2) и Тайван (1), Таиланд (3), Япония (1), Корея (1), АКШ (1), Вьетнам (2) жана Сингапурдан (2) да табылды.

Оорунун очогу болгон Хубэй провинциясындагы тогуз шаарга кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Вирустан каза тапкан 25 кишинин 24ү дал ушул провинциянын жашоочулары болгон. Ошондой эле оорунун очогу делген Хубэй провинциясына жана анын тогуз шаарына (Чиби, Эчжоу, Хуанган, Сяньтао, Чжицзян, Цяньцзян, Хуанши, Эньши жана Сяньнин) кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул жактарда жалпысынан 29,2 миллион адам жашайт.

1

Вирус кайдан пайда болду?

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин болжошкон. Окумуштуулардын айтуусунда вирус адамдарга жаныбарлар аркылуу жуккан.

2

Эмнеси менен коркунучтуу?

Коронавирус — өзүнө отуз эки вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта, оор-курч респиратордук синдромго («типсиз пневмония») жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.

Адамдын клеткасына кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Иммунитетти алсыратып, инфекцияга каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан адам өлүмүнө алып келет. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Коронавирустун белгилери 1965-жылы байкалган, дал ошол жылы илдетти жуктуруп алды деген шек менен бир адам каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок анда өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.

3

Илдеттин алгачкы белгилери

Коронавирус — кадимки сасык тумоодой болуп башталышы мүмкүн. Жөтөл, ден табынын жогорулашы, дем алуунун оорлошу сыяктуу белгилер менен коштолот. Имунитети төмөн болгон же башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетүү ыктымал бар экендиги маалымдалат.

4

Дарттын дабасы иштелүүдө

Азыркы тапта вирустун белгилерин гана дарылоого мүмкүн, ушуга байланыштуу оорудан өлгөн адамдардын саны өсүүдө. Американын окуумуштулары вируска каршы вакцина иштеп чыгууну көздөөдө. Бирок биринчи вакциналар баары туура болсо бир айдын ичинде чыгат же болбосо 2020-жылдын аягында.

Ал арада Россиянын «Вектор» илимий борборунун кызматкерлери коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы түрүн лаборатория шартында диагноздоо үчүн каражатты жети күндүн ичинде иштеп чыккан.

5

Башка өлкөлөргө коркунуч жараткан вирус

Ушул тапта вирус Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд өлкөлөрүнө жетип, ооруну жуктуруп алган адамдар катталгандыгы тууралуу кабарлар жайылууда. Ошондой эле Улуу Британияда тогуз киши коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп текшерүүдөн өтүүдө.

6

Коргонуу чаралары көрүлүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды тынчтыкка чакырып, чаң салууга себеп жок экенин билдирди. Анткен менен мекеме алдында ыкчам топ түзүлдү. Чек арада көзөмөл күчөп, Кытайдан келген эт жана эт азыктарына тыюу салынды.

7

Андан кантип сактанууга болот?

Медиктер колду тез-тез жууп, маска кийип жүрүүнү сунушташат. Ошондой эле эл көп топтолгон жерден алыс болуу керектигин белгилешет.

Кытайдан келгендерди тез арада медициналык текшерүүдөн өтүүсүн өтүнүшөт.

Вирус пайда болгон шаарда деңиз азыктары экспорттолгондуктан деңиз азыктарын жана айрым импорттук эт азыктарын колдонбой турган туура.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби