13:25
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Улуттук көркөм музейинин коллекциясын интернеттен көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин сайты ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сайтка музейдин төрт миңден ашык живопись сүрөттөрү жана миңге жакын музей фондундагы скульптуралык эмгектери кирди.

«Жаңы сайт, көркөм өнөр галереяны онлайн режиминде алгачкы жолу түзүлгөндүгү менен өзгөчөлөнөт. Түзүлүшү жеңил, кабыл алууга оңой жана дизайны бүгүнкү күндөгү заманбап талаптарга жооп берет. Көргөзмөлөр, мастер- класстар, дарстар, жана бет ачаарлар тууралуу маалыматтарды ошондой эле керек болгон эмгектерди автору же жанры боюнча издеп таап алууга болот», — дейт министрлик.

Мекеме долбоордун максаты Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин фондунда бар маданий баалуулуктарга жаңы санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жарандарга жеткиликтүү болушуна шарт түзүүнү көздөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар