19:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыздын 7 улуттук оюндары көрсөтүлөт

Түркияда өтө турчу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыздын 7 улуттук оюндары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркиянын Жаштар иштери жана спорт боюнча агенттиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алынды.

Көчмөндөр оюндарына көк бөрү, эр эңиш, ордо, кыргыз улуттук күрөшү, тогуз коргоол, алыш күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү кирди.

Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл Түркиянын Бурса шаарында өтөт.


Эң көп окулган жаңылыктар