20:26
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Майып балдардын саны өсүүдө. Депутат инклюзивдик билим берүү тууралуу

Депутат Дастан Бекешев мектептерге жана бала бакчаларга инклюзивдик билим берүүнү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ал парламенттин отурумунда билдирди.

Демилгечинин айтымында, азыркы убакта майып адамдар үч формада билим алат: атайын билим берүүчү уюмдар аркылуу, үйдө окутуу, жалпы типтеги уюмдарда окуу аркылуу.

Депутат демилгелеп чыккан мыйзам долбоорунда төмөндөгүлөр сунушталууда: жогорку окуу жайларда акысыз окутуу үчүн мамлекет бөлүүчү квоталардан айылдык жаштарды алып салуу, «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» мыйзамда инклюзивдик билим берүүгө берилген аныктама толук эмес жана так эмес, ушуга байланыштуу аны алып салуу, жеке билим берүү программаларын иштеп чыгуу педагогдорго академиялык эркиндик берген ченемди мамлекеттик билим берүү стандарттарына киргизүү, майыптыгы бар бала кандай формаларда билим ала тургандыгы конкреттештирүү, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучуларды кабыл алуудан баш тартууга тыюу салган ченемдер киргизилип жатат.

Депутат Алмазбек Токторов мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, мыйзам кабыл алынып калса, 2021-жылдан тарта ишке кире албай калышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Ал ишке кирүү мөөнөтүн жок дегенде 2023-жылга жылдыруу зарылдыгын белгиледи.

Демилгечи инклюзивдик билим берүү усулу мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мекемелеринин мүмкүнчүлүгүнө жараша этап-этабы менен киргизиле турганын билдирди. Ал мектептерге инклюзивдик билим берүү усулун киргизүү үчүн жылына 309 миллион сом жумшалат.

Ал эми билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова азыр билим берүү мекемелеринин атайын билим берүүгө өтүү мүмкүнчүлүктөрү иликтенип жатканын, анын жыйынтыгы келерки айда белгилүү болорун айтты. «Ырас, азыр бюджетте каражат тартыш, бирок биз 2023-жылга чейин мугалимдерди атайын окуулардан өткөрүп, акырындан даярдык көрө берүүгө тийишпиз», — деди ал.

Белгилей кетсек, президент тарабынан 2020-жыл — Балдарга колдоо көрсөтүү жылы катары жарыяланган. Статистикалык маалыматтарга караганда, жылдан-жылга майып балдардын саны өсүүдө. Ушу тапта Кыргыстанда 30 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Алар 14 атайын билим берүү мекемелеринде окуйт. Ар бир майып баланы окутуу үчүн жылына болжол менен 135 миң сом жумшалат.

Эң көп окулган жаңылыктар