08:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Лицей жана колледждердеги айрым адистиктерге жаңы стандарттар киргизилет

Бишкекте өлкө аймагындагы колледж жана лицейлериндеги айрым адистиктер үчүн киргизилип жаткан жаңы кесиптик стандарттар талкууланды. Колледждердеги 15 жана лицейлердеги 10 адистикке киргизилип жаткан стандарттарга ылайык, эми бүтүрүүчүлөр өзүнүн адистиги боюнча негизги концепция жана технологияларды билүүгө тийиш. Мындан сырткары стандарттык кесиптик көйгөйлөрдү чечүүнү, тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликти өзүнө алууну билиши керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жаңы стандарттар «Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү» программасынын алкагында окуу-методикалык бирикмелер, эксперт, иш берүүчүлөрдүн жардамында бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштык, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана ишке орноштуруудагы мобилдүүлүк үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, кесиптик стандарттарда жумуш берүүчүлөрдүн адистиктерге болгон талаптары камтылган. Ал эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өлкөнүн экономикасы үчүн приоритеттүү болгон адистиктерге анализ жүргүзүү аркылуу иштелди.

Жаңы стандарттар менен окутуу республиканын ар бир аймагындагы жайгашкан алдыңкы тажрыйба борборлорунда башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар